[Эскертүү] Кыргызстанга болгон рейстер жөнүндө
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргызстанга рейстердин бар экендиги жөнүндө эскертебиз.
Мекенге кайтып келүүнү каалаган жарандарды Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн дарегине +81-3-6453-8277 телефон же kgembassy.jp@mfa.gov.kg электрондук почта аркылуу тез арада кайрылууңуздарды суранабыз
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү болгон чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жакын туугандыгын (жубайы, ата-энеси, балдары) документтик тастыктоонун шартында, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат берилгендигин эскерте кетебиз.