Кыргызстан жөнүндө ачык сабак

1878

2021-ж. 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги Токио шаарындагы Акабане мектебинин окуучуларына Кыргызстан жөнүндө ачык сабак уюштурду. 

Мектептин окуучулары үчүн презентация, тематикалык викторина улуттук мызыкалдык аспаптар көрсөтүлдү жана Кыргызстандын жаратылышын фотостенд уюштурулду.

Ушуну менен бирге, Акабане мектебинин окуучулары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын дисциплиналарынын бири болуп саналган «Ордо» кыргыз улуттук оюну ыгын жана жоолук таштамай оюнун шамдагайлыгын сынап көрүштү.

Ачык сабак япон окуучуларына Кыргызстандын тарыхын жана салттарын тааныштыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түздү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK