Элчи М.Арстанбаев Япониянын Парламентинин депутаты / Япония-Кыргызстан парламенттик достук лигасынын жетекчиси Ген Накатани мырза менен жолугушту

1686

2022-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Мирлан Арстанбаев менен Япония Парламентинин депутаты/Япония-Кыргызстан Парламенттик достук лигасынын жетекчиси Ген Накатани мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, ошондой эле аймактар аралык жана эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы байланыштарды түзүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда М.Арстанбаев эки тараптуу парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо үчүн парламентарийлердин эки тараптуу иш сапарларын ишке ашыруусу маанилүү экенин белгилеп, буга байланыштуу Япония тарабыны КыргызРеспубликасына иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK