Премьер-министр Улукбек Марипов Баткен облусундагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты

2728

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги акыркы окуялардын жүрүшүндө курман болгон мекендештерибиздин жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. 

«Кымбаттуу мекендештер, 

Баткен облусунда орун алган кайгылуу окуяларга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жарандардын жана жаш наристелердин курмандыгына алып келген жаңжал кайгысы Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын жүрөгүн жаралап өттү. 

Жүздөгөн үй-бүлөгө кайгы алып келди. Эч кандай көңүл айтуулар менен жалп өчкөн мекендештерибиздин өмүрүн кайтарып ала албайбыз. Алардын элеси өлкөнүн ар бир жаранынын жүрөгүнүн түпкүрүндө сакталат! 

Кыйын кезеңде бир муштумга түйүлүп, кагылышуу аймагында калган тургундарга көмөк көрсөткөн жарандарыбызга ыраазычылык билдиргим келет. 

Конфликттин ырбоосуна жол бербөө үчүн колдон келген аракетин жасаган укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн солдаттарына, сержанттарына жана офицерлерине ыраазычылык билдирем.

Курман болгон мекендештерибиздин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жаракат алган жарандарыбыздын тез арада айыгып кетүүсүн жана чың ден соолукта болуп, узак жашоосун каалайм.

Мамлекет тараптан курман болгондордун жана жаракат алган жарандардын үй-бүлөсүнө тийиштүү жардамдар көрсөтүлөт. Зарыл финансылык жана башка ресурстар талкаланган турак-жайларды, социалдык жана чарбалык маанидеги объектилерди тезинен калыбына келтирүүгө багытталат.

Мекенибиз Кыргыз Республикасында ар дайым тынчтык, элибизде ажырагыс биримдик болсун.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK