Австралия Шериктештигинин Генерал-губернатору Дэвид Херли Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

2231

Австралия Шериктештигинин генерал-губернатору Дэвид Херли Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата, Сизге, Кыргызстандын өкмөтүнө жана элине өзүмдүн атымдан, Австралиянын өкмөтүнүн жана элинин атынан чын жүрөктөн чыккан каалоолорумду узатам. Баарыңыздарга COVID-19 вирусу менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнү улантып жаткан азыркы оор мезгилде бардык жакшылыктарды каалайбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Дэвид Херли эки өлкөнүн достук мамилелери мындан ары да өнүгө берерине ишенимин билдирди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK