Кыргызстандын жарандары Япониядан Бишкекке кайтып келишти

3914

 COVID-19 жайылышына байланыштуу эл аралык аба каттамдарынын токтотулушу менен, 2020-жылдын 17-июлунда Япониядан Кыргыз Республикасына 25 жаран кайтып келишти.

Токиодон Дубай шаарына туруктуу рейстер менен келген биздин жарандарыбыз, андан кийин «FlyDubai» авиакомпаниясынын бортунда «Манас» эл аралык аэропортуна келишти.

Жалпысынан бул рейс менен АКШдан, Канададан, Улуу Британиядан, Ооганстандан, Египеттен, Корея Республикасынан, Вьетнамдан, Япониядан, Мальдивден жана Бахрейнден 159 Кыргыз Республикасынын жарандары Бишкекке кайтып келишти.

Япония, Филиппин, Австралия жана Жаңы Зеландиядагы кыргыз жарандарынын Мекенине кайтып келүү жолдорун издөө боюнча иштер улантылууда. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK