Япониянын ырчысы Мита Ре мырза Кыргызстанды 30-жылдык Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүн 30 жылдыгын майрамдоого карата, 2021-ж. 30-августунда Япониянын ырчысы жана Хамура шаары менен Кыргызстандын достук жана ак ниеттүүлүк Элчи-волонтеру Мита Ре мырза видео куттуктоо чыгарды.
Ошондой эле, Мита Ре кыргыз тилинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин аткарды.