Түркия Республикасынын Өкмөтү Түркияга келип жаткан жүргүнчүлөр үчүн милдеттүү түрдөгү коронавируска терс тесттин жыйынтыгын көрсөтүү талабын киргизди

3498

2020-жылдын 30-декабрынан тартып, Түркия Республикасына учак менен келген баардык эл аралык жүргүнчүлөр, ошондой эле трансфердик жана транзиттик жүргүнчүлөр ПЦР тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Анын үлгүлөрүн алуу күнү Түркияга келгенге чейин эң көп дегенде 72 саат болушу керек.

Бул жол-жобо 6 жаштан жогорку курактагы баардык жүргүнчүлөр үчүн 2021-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот. ПЦР тестинин терс жыйынтыгын көрсөтпөгөн жүргүнчүлөргө учууга уруксат берилбейт.

Тагыраак маалымат алуу үчүн Япониядагы Turkish Airlines өкүлчүлүгүнө кайрылууну суранабыз.

Тел.: +81 3 3435 0421 (иш күндөрү 10:30~15:00)

Кыргыз Республикасындагы Turkish Airlines өкүлчүлүгү

Тел.: +996 312 979 598 (күнү-түнү)

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK