2018-жылдын 16-ноябрында Ч.Т. Айтматов 90 жылдык маарекесине карата Токио шаарынын Акасака концерт залында концерт өттү

2943

2018-жылдын 16-ноябрында Ч.Т. Айтматов 90 жылдык маарекесине карата Токио шаарынын Акасака концерт залында улуу жазуучуга арналган концерти өттү. Бул концерт Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин демилгеси менен ТҮРКСОЙ аркылуу өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчиси С.Раев, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Д.Касеинов, ТТМККнын башкы катчысы Б.Амреев, Азербайжан Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.М. Г.Исмаилзаде, Казахстан Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.М. Е.Баударбек-Кожатаев, Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдо туруктуу өкүлү К.Кулуев, Тцукуба университетинин профессору Матсушита Реи, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү үй-бүлөлөрү менен, Япониянын чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, Японияда окууган Кыргыз Республиканын жарандары катышты.

Иш-чаранын башталышында Ч.Т. Айтматов жөнүндө кыска тасма көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчиси С.Раев өзүнүн саламдаш кайрылуу сөзүндө, Айтматов феномени адам табиятына гуманистик биринчи кадам таштаганын белгилеп кетти. Ал улуу максатты ишке ашырганын, рухий галактикасын түзгөнүн эн бийик негизи инсандын сезимдүү жаратуусун коргоосу болгон. Ал үзүнүн мисалында уникалдуу руханий империясын түзүү, өзүнчө дүйнө жүзү боюнча бир ойчул болуп калышы мүмкүн экенин далилдеген.

Программага Азербайджан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Башкортостан, Тыва, Хакас, Гагаузия жана Саха музыкалдык жана элдик бий чыгармачылары кирген.

Япониянын күйөрмандары түрк элдеринин чыгармачылыгы менен терең танышып кетишти. Андан соң концерт алкагында Ч.Т. Айматовдун сүрөт чыгармалары көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK