Кансай аймагындагы мекендештер менен жолугушуу жөнүндө

4522

2019-ж. 3-августунда Кыргыз Республикасынын  Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Е. Арстанбаев Осака шаарында Япониянын Кансай аймагында жашаган мекендештер менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи М.Е. Арстанбаев кыргыз-япон кызматташуусун өнүктүрүү жана бекемдөө, анын ичинде инвестиция-экономикалык, маданий-гуманитардык, консулдук жана миграциялык чөйрөлөрдөгү милдеттерди аткаруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан Элчиликтин иш-аракеттери жана Кыргызстандын жарандарын жумушка орноштуруу максатында Японияга тартуу боюнча Элчиликтин демилгелери жөнүндө маалымат берди.

Жолугушуунун катышуучулары, өзүнүн жетишкендиктери жөнүдө кеп курушуп, аларды кызыктырган суроолорду беришти. Өз кезегинде Элчи М.Е. Арстанбаев, ар түрдүү маселелерди чечүү, мекендештерди бириктирүү жана алардын укуктарын коргоо үчүн тыгыз кызматташууну улантуу зарыл экенин белгиледи.

Ошону менен бирге, Элчи М.Е. Арстанбаевдин Осакага иш-сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортторун алмаштыруу, нотариалдык актылар, консулдук каттоо боюнча мекендештерге толук көлөмдөгү консулдук кызматтар көрсөтүлүп, нике каттоого арыз кабыл алынды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK