Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаев «Като Бихоен» компаниясынын дүкөнүнө барды

1816

2021-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаев Токионун Асакуса районундагы «Сенсоу-дзи» храмынын атактуу Каминари-мон дарбазасынын артындагы эски соода көчөсүндө жайгашкан «Като Бихоен» компаниясынын дүкөнүнө барды.

Жолугушуунун башында «Като Бихоен» компаниясынын директору Като Дзютаро ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Андан соӊ ал компания Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн балды сата баштаганын жана өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Като Дзютаро белгилегендей кыргыз балы кымбат баада болгонуна карабастан, Япониянын жарандарынын арасында популярдуулукка ээ болуп жаткандыгына басым жасады.

Өз кезегинде Элчи М.Арстанбаев Кыргыз Республикасында бал экспорттоонун өсүү тенденциясын канааттануу менен белгиледи. Эки өлкөнүн ишкерлеринин активдүү иши менен 2020-жылдан бери экспорттун кескин өсүшү байкалууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын биринчи жарымында (январь-июнь) Японияга бал экспорттоонун көлөмү 25,2 тоннаны түздү (2020-ж. 15,7 тонна, ал эми 2019-ж. – 13,4 тонна). Элчи компанияларга эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштарын өнүктүрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да компанияларга жардам берүүгө даяр экенин айтып өттү.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстандын органикалык продукциясын Японияга экспорттоону мындан ары илгерилетүү боюнча тыгыз байланышта болууга макулдашышты.

Маалымат үчүн: "Kato Bihoen" компаниясы 1947-жылы негизделген, кызматкерлеринин саны 226 адам, компаниянын 2020-жылдагы сатуу көрсөткүчтөрү 125 миллион АКШ долларын түзгөн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK