Окутуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча вебинар уюштурулду

1282

2022-жылдын 19-майыда Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу Борбору тарабынан окууту жана адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча вебинар уюштурулду.

Вебинардын негизги максаты ишке орноштуруу системасын өнүктүрүү маселелери боюнча Япония менен Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин ортосундагы өз ара байланышты орнотууга жаңы ыкмаларды калыптандыруу болгон.

Вебинардын ишине мамлекеттик органдар, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, ошондой эле Кыргызстан менен Япониянын жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктердин өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу Борбору, Япониянын окууту чөйрөсүндө эл аралык уюму, Career Bank, IBS жана Relationshi-Okinawa компаниялар өз презентацияларын тартуулады.

Вебинардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар кызыккан суроолорго жооп алып, мындан ары өз ара аракеттенүү үчүн байланыш түзүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK