Премьер-министр Кубатбек Боронов: Бардык аймактарда жеке коргонуучу каражаттарды, беткаптарды чыгаруучу ишканаларды уюштуруу зарыл

3236

Өлкөнүн ар бир аймагында медициналык беткап жана жеке коргонуучу каражаттарды чыгара турган цехтерди ачуу боюнча иштерди тездетүү шарт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын отурумунда билдирди. 

«Аймактардагы жарандарды беткап жана жеке коргонуучу каражаттар менен толук камсыз кылуу үчүн ар бир облуста цехтер ачылыш керек. Облус жетекчилери бул багыттагы иштерди күчөтүүгө тийиш. Чыгарылган продукциянын элге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн баасын дагы көзөмөлдөө керек», - деди Өкмөт башчы. 

Муну менен катар Премьер-министр ар бир аймакка компьютердик томография аппаратын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасын берди.

«Аймактарда компьютердик томографиянын иштешин камсыздоо керек. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бул медициналык аппаратты жайгаштыруу ордун тактоону уюштуруу маселелерин тез арада чечүүгө тийиш. Компьютердик томография аймакка жеткирилери менен дароо ишке киргендей болсун», - деп Кубатбек Бопронов кошумчалады. 

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт тарабынан дары-дармектердин тартыштыгын жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланып, Саламаттык сактоо министрлигине аймактарды медициналык каражаттарды үзгүлтүксуз камсыз кылууну көзөмөлдөө тапшырмасы берилди. 

Ошондой эле шаарлар менен райондордогу коомдук жайларды, көчөлөрдү дезинфекциялоо чараларын күчөтүүгө көңүл буруу керектиги белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK