Япониянын Премьер-министри Ёсихидэ Суга Садыр Жапаровду Президенттик кызматка шайланышы менен куттуктады

3006

Япониянын Премьер-министри Ёсихидэ Суга Япониянын Өкмөтүнүн жана жапон элинин атынан Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

«Сиз менен биргеликте Япония жана Кыргыз Республикасынын ортосунда 1992-жылы түзүлгөн дипломатиялык мамилелерди, узак мезгилден бери уланып келаткан эки мамлекеттин ортосундагы достук жана жакшы алакабызды мындан ары дагы өркүндөтүү боюнча иш алып барабыз деген үмүтүмдү билдиргим келет. Мындан сырткары, Япония Кыргызстан менен, анын ичинде „Борбордук Азия + Япония“ диалогунун алкагында тыгыз кызматташып, аны менен Борбор Азия регионунун туруктуулугуна жана өнүгүшүнө салым кошууну улантууга ниеттенүүдө», — деп белгиленет куттуктоодо.

Ёсихидэ Суга Садыр Жапаровго бекем ден-соолук, ишине ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK