Премьер-министр жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү ант беришти

3507

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жалпы жыйынынын жүрүшүндө ант беришти.
 
 Кыргыз Республикасынын элинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары алдында төмөндөгүлөр ант беришти:
 
 Улукбек Марипов — премьер-министр;

 Артем Новиков — биринчи вице-премьер-министр;

 Улукбек Кармышаков — вице-премьер-министр — экономика жана финансы министри;

 Жеңишбек Асанкулов — министр рангындагы өкмөттүн аппаратынын жетекчиси;

 Таалайбек Өмүралиев — коргоо министри;

 Руслан Казакбаев — тышкы иштер министри;

 Асел Чынбаева — юстиция министри;

 Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;

 Алмазбек Бейшеналиев — билим берүү жана илим министри;

 Кайрат Иманалиев — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

 Бообек Ажикеев — өзгөчө кырдаалдар министри;

 Улан Ниязбеков — ички иштер министри;

 Гүлмира Абдралиева — транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;

 Кубанычбек Турдубаев — энергетика жана өнөр жай министри;

 Аскар Жаныбеков — айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;

 Камчыбек Ташиев — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.
 
 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерине киришип жатып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жана парламент депутаттарынын катышуусунда ант беришет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK