Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси М.Арстанбаев Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги, Япониянын Россия жана жаңы эгемендүү мамлекеттер менен соода жүргүзүү ассоциациясы (РОТОБО) тарабынан уюштурулган онлайн инвестициялык вебинарга катышты

2547

2021-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси М.Арстанбаев Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги, Япониянын Россия жана жаңы эгемендүү мамлекеттер менен соода жүргүзүү ассоциациясы (РОТОБО) тарабынан уюштурулган онлайн инвестициялык вебинарга катышты, бул иш-чара Япониядагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин колдоосу менен уюштурулду. Япония тарабынан иш-чарага Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Сигэки Маэда мырза, UNIDO өкүлү Икуэ Тошинага айым жана «Okinawa Relationship» өкүлү Шинсуке Тэраока мырза катышты.  Модератор катары Россия жана жаңы эгемендүү мамлекеттер менен соода жүргүзүү ассоциациясынын экономикасын изилдөө институтунун Директору Мики Ваджима айым катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катышуучулары туризм, айыл чарба жана адам ресурстарын өнүктүрүүдөгү инвестициялык жагымдуулук боюнча презентацияларды сунуш кылышты. Ошондой эле, бизнес тармагынан ОсОО «Томат КейДжи», Studio CHAPANSAR, ОсОО «Арония Фарм», кооператив «Алыш-Дан Органик» жана ОсОО «Экопродукт Азия» тарабынан презентациялар жасалды. Компаниялар Япониянын бизнес тармагы менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн кең потенциалы тууралуу маалымат берди жана япон тарабы үчүн келечектүү бизнес сунуштарын билдиришти.

Инвестициялык вебинар Япония менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-сатык жана инвестицияларды жандандыруу максатында 2021-жылдын 1-февралынан 26-февралына чейин онлайн режиминде өткөрүлүп жаткан "Борбордук Азия - Виртуалдык ЭКСПО (CAVEX)" онлайн көргөзмөсүнүн бөлүгү болуп саналат. "Борбордук Азия - Виртуалдык ЭКСПО (CAVEX)" онлайн платформасында Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы жөнүндө, ошондой эле ОсОО «Томат КейДжи», Studio CHAPANSAR, ОсОО «Арония Фарм», ОсОО «Киртаун Лайн», «Кыргыз-Эт», ОсОО «Aiko Seiko», кооператив «Алыш-Дан Органик», ОсОО «Улай Стиль», ОсОО «Экопродукт Азия» и ОсОО «Империал Групп Компани» компаниялары тууралуу маалымат берилген. 

Көргөзмөнүн жыйынтыгында CAVEX - B2B форматындагы онлайн жолугушуулард жана сүйлөшүүлөр күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK