Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары кыйла төмөндөтүлдү

2671

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги иш-чараларынын бекитилген Планынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандары үчүн  консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын төмөндөтүү чечими кабыл алынды. 

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн, өзгөчө Кыргыз Республикасынын чет жакта жүргөн жарандарынын арасында  суроо-талап жогору түрлөрүнүн баасы бир кыйла төмөндөтүлдү. 

Алсак, 2006-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн анкета толтуруу жана маалыматтарды иштеп чыгууга, Кыргыз Республикасына кайтууга күбөлүктөрдү тариздөөгө, никеге турууну каттоо жана никелешүү тууралуу күбөлүк берүүгө, аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды каттоо жана тариздөөгө, туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүүгө жана нотариалдык аракеттерге болгон баалар төмөндөтүлдү. 

Ошондой эле кабыл алынган чечим Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин идентификациялык карта - 2017-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) тариздөөгө документтерди кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзүү укугун белгилейт.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду. Чечим 2021-ж. 20 мартынан тартып күчүнө кирет.   

 

Консулдук кызматтардын аталышы

Консулдук кызматты 

көрсөтүүдө 

алынуучу каражаттардын 

чендери, 

сом

Консулдук кызматты 

көрсөтүүдө 

алынуучу каражаттардын 

чендери, 

АКШ долл.

Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасын – паспортун (ID-карта) жана

Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү:

- анкеталарды тариздөө жана маалыматты иштеп чыгуу

 

30

Визаларды жана визалык колдоону тариздөө:

Бир жолку визаны тариздөө:
-1 айга

3589

50

Бир жолку визанын мөөнөтүн узартуу:
- ар бир 30 күн үчүн (1 ай)

704

10

Бир жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:
- ар бир 30 күн үчүн (1 ай)

352

5

Көп жолку визаны тариздөө (ай):

4315

60

Көп жолку визаны тариздөө:
- ар бир 30 күн үчүн (1 ай)

1078

15

Көп жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:
- ар бир 30 күн үчүн (1 ай)

704

10

Транзиттик визаны тариздөө:

- беш сутка

1783

25

Чыгуу визасын тариздөө; визаны жаңы жол жүрүү документине өткөрүү

5020

70

Бир адамга визалык колдоону тариздөө

352

5

Кыргыз Республикасына кайтууга күбөлүк берүү

 

10

Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин мамлекеттик органдары тарабынан берилген

ар бир документти легалдаштыруу:

жеке адамдардан - Кыргыз Республикасынын жарандарынан

352

5

жеке адамдардан – чет мамлекеттин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдардан

3589

50

юридикалык жактардан

7189

100

Жеке адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирге чет мамлекеттин жарандары көрсөтүлгөн ар бир документин легалдаштыруу

1431

20

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу жөнүндөгү документтерин тариздөө

 

510

Баланын жарандыкты тандоосу жөнүндө документин тариздөө

 

10

Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо (Кыргыз Республикасынын жарандыгына

таандык экендигин аныктоо):

- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн

 

10

- чет өлкөлүк жарандар үчүн

 

50

Жарандык абалдын актыларын каттоо:

 

 

- никелешүүнү каттоо жана никелешүү жөнүндө күбөлүктү берүү;

 

10

- соттон тышкары ажырашуу жана ажырашуу жөнүндө күбөлүктү берүү (тараптардын ар бирине);

 

50

- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө материалдарды каттоо жана тариздөө;

 

10

- төрөлгөндүгүн каттоо жана төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүү

 

10

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин нотариалдык иш-аракеттери

 

10

Мүлктү пайдалануу жана тескөө укугуна ишеним кат берүү:

- автотранспорт каражатын;

 

10

- кредиттик операция жасоого;

 

10

- акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга ишеним кат

 

10

Камкорчулук, мурас иштерин жана башка мүлктүк иштерди алып баруу жана ага байланыштуу нотариалдык иш-аракеттерди жасоо

 

20

 

Поделиться

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK