Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.А.Казакбаевдин Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри С.В.Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду

2456

2021-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.А.Казакбаевдин Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри С.В.Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду,  анын жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланды.  

​Министр Р.Казакбаев маектешин Кыргыз Республикасынын Баткен областында 2021-жылдын 28-30-апрелинде орун алган окуялар жана учурдагы кырдаал жөнүндө маалымдады. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларды кыргыз тарабы кармануу ниетинде экендигин баса белгиледи. 

​Р.Казакбаев менен С.Лавров эки тараптан тең көптөгөн курмандыктарга жана жабырланууларга алып келген бул чыр-чатакты бир гана саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү зарылдыгы боюнча бирдей пикирде болушту.​

​Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Россия кыргыз тарабынын ишеничтүү өнөктөшү болуу менен бирге, Кыргызстандын чек арасындагы кырдаалга байкоо салып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Кыргызстан тарабынан көрүлүп жаткан аракеттерди кубаттай тургандыгын белгиледи. С.Лавров Россия Федерациясынын кырдаалдын андан ары турукташуусу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын Баткен областынын жаңжалдан жабыркаган тургундарына жардам көрсөтүүгө даяр  экендигин билдирди.

​Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери алдыда боло турган тышкы саясий иш-чаралардын алкагында жакын арада жолугушууларды өткөрүү тууралуу макулдашышты.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK