Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүн 30 жылдыгын майрамдоого карата Токио шаарындагы уюштурулган флешмоб
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүн 30 жылдыгын майрамдоого карата, 2021-ж. 30-августунда Токио шаарында кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарында аткарылган флешмоб өттү.
Иш-чарада япониялык достор, Кыргыз Республикасынын жарандары жана Элчиликтин кызматкерлери катышты.
Флешмобдо, Токио мызыкалык университетинин окутуучусу К.Уметбаева Атай Огонбаевдин «Машботой» чыгармасын, С.Сатыбалдиева Барпы Алыкуловдун «Мөлмөлүм» чыгармасын жана Кыргыз-япон маданий алмашуу ассоциациясын төрагасы Л.Тадагава темир ооз комузда өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.