Элчи М.E. Арстанбаеванын JDS окумуштуулары менен онлайн жолугушуусу

1757

Ушул жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаев «Кадрларды даярдоо үчүн стипендия берүү» (JDS) долбоору боюнча Япониянын университеттерине магистердик программа боюнча окууганга келген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери менен онлайн аркылуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда ошондой эле КР Япониядагы Элчилигин кызматкерлери жана JICE коомунун өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуу жүрүшүндө Элчилик өз ишмердүүлүгү, Япониянын учурдагы абалы жана жайгашуу иш-чаралар боюнча маалымат берди. JDS окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Жолугушуунун аягында, Элчи M. Арстанбаев алдыдагы окуу учурунда бардык студенттерге ийгилик каалады.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK