Жаңы жылыңыздар менен!

1649

Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу достор!

Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилигин жааматын атынан кирип келе жаткан Жаңы 2022-жыл менен чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиздер.

2021-жыл пандемия менен күрөштү уландууга көп күчтү жана убакытты талап кылды. Ошол убыкытта эле, мамлекетибиз 30-жылдык эгемендүүлүгүн белгилеп, көп тармактарда ар кандай ийгиликтерге жетишти. Өзгөчө белгилеп кетчү нерсе, биздин спортчуларыбыз Токиодогу Олимпиадалык оюндарына катышып, жогорку орундарга ээ болгон өзгөчө сыймыктардырат.

Келерки жылда бардык тармактарда жетишкендиктерди улантып, ар-дайым желегибиз бийик желбиреп, өлкөбүз өнүгүп, өсө берсин!

Учурдан пайдаланып, урматтуу мекендештер, баарыңыздарга бекем ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

Жаңы жылыңыздар менен!

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK