Таалайбек Мусурманкуловдун «Тоо гүлдөрү» аттуу жеке көргөзмөсү

1513

2022-жылдын 19-мартынан тартып Токио шаарында кыргыз сүрөтчү Таалайбек Мусурманкуловдун «Тоо гүлдөрү» аттуу жеке көргөзмөсү өтүп жатат.

Иш-чара Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30-жылдыгынын алкагында өткөрүлүүдө. Көргөзмөнүн уюштуруучусу «AGarden of Colors» көркөм галереясы Япониядагы Кыргыз Республикасынын Элчилигин колдоосу менен өтүп жатат.

Таалайбек Мусурманкулов кыргыз жана орус чыгармачыл союздарынын мүчөсү. Көбүнчө кенепке майлуу боёктор менен тартып жана ачык асманда иштөөнү жакшы көрөт.

Көргөзмө 2022-жылдын 18-апрелине чейин уланат.

Дареги: 4-13-12 Хончо, Кокубунжи, Токио.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK