Кыргыз Республикасында COVID-19 вакцинациясынын сертификаттары таанылган чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын жаңыланган тизмеси
Кыргыз Республикасына кирүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тандап алган учурдан тартып өлкөгө келгенге чейин акыркы 72 саат ичинде өткөрүлгөн ПЦР-Тесттин жыйынтыгын же Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган COVID–19 коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны алгандыгын тастыктаган документти (сертификатты) көрсөтүшү керек.
Жогоруда аталган талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерине да жайылтылат.
Бул талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана башка компетенттүү мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча келген чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегацияларынын мүчөлөрү;
- аба кемелеринин экипаждары;
- ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосунда 12 жашка чейинки балдар;
- Кыргыз Республикасына жиберилген шайлоо процессине эл аралык байкоочулар.
Кыргыз Республикасында COVID-19га каршы эмдөө сертификаттары таанылган чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын тизмеси
1 |
Япония |
2 |
Австралия Бирлиги |
3 |
Германия Федеративдик Республикасы |
4 |
Казакстан Республикасы |
5 |
Корея Республикасы |
6 |
Катар Мамлекети |
7 |
Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу |
8 |
Өзбекстан Республикасы |
9 |
Израиль Мамлекети |
10 |
Америка Кошмо Штаттары |
11 |
Румыния |
12 |
Грузия |
13 |
Индия |
14 |
Россия Федерациясы |
15 |
Польша Республикасы |
16 |
Бириккен Араб Эмираттары |
17 |
Сауд Аравия Падышалыгы |
18 |
Түркия Республикасы |
19 |
Швейцария Конфедерациясы |
20 |
Сан-Марино Республикасы |
21 |
Франция Республикасы |
22 |
Австрия Республикасы |
23 |
Ватикан шаар-Mамлекети |
24 |
Палестина Мамлекети |
25 |
Индия Республикасы |
26 |
Аргентина Республикасы |
27 |
Украина |
28 |
Мальдив Республикасы |
29 |
Бельгия Падышалыгы |
30 |
Монголия |
31 |
Нидерланды |
32 |
Марокко Падышалыгы |
33 |
Кувейт Мамлекети |
34 |
Азербайжан Республикасы |
35 |
Камбоджа Падышалыгы |
36 |
Эстон Республикасы |
37 |
Черногория Республикасы |
38 |
Чех Республикасы |
39 |
Иран Ислам Республикасы |
40 |
Тайланд Королдугу |
41 |
Мексика Кошмо Штаттары |
42 |
Европа Бирлиги |
43 |
Бириккен Улуттар Уюму |