Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Япониянын тышкы иштер боюнча Парламенттик Вице-министри Таро Хонда кыргыз-япон эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады

932

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Япониянын тышкы иштер боюнча Парламенттик Вице-министри Таро Хонда кыргыз-япон эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады. 

Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргыз Республикасы үчүн Япония жакын жана достук мамиледеги өнөктөш мамлекет. Ал республиканын эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоону жана өнүктүрүүнү жактай тургандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Япониянын тышкы иштер боюнча Парламенттик Вице-министри Таро Хонда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана аны тереңдетүүгө карай даярдыгын билдирди.

Тараптар эл аралык саясаттын жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK