Элчи М. Арстанбаев кыргызстандык ишкерлери менен кечки тамак форматында жолугушуу өткөрдү

1094

2022-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Арстанбаев Кыргызстандын ишкерлери менен кечки тамак форматында жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун башында М.Арстанбаев катышуучуларга экономикалык дипломатия жаатында кызматташууну өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилигинин иш-чаралары жана пландары тууралуу маалымат берди. Элчи өлкөлөрдүн соода-экономикалык тармагындагы потенциалы толук ачыла электигин баса белгиледи. Буга байланыштуу ишкерлерди бул маселени ишке ашыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды. Япониядан гранттарды жана инвестицияларды тартуу боюнча элчиликтин ишмердүүлүгү, ошондой эле Японияга органикалык айыл чарба продукциясын экспортмаселесин илгерилетүү боюнча элчиликтин конкреттүү жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

М.Арстанбаев бизнес тармагынын өкүлдөрүнүн өз ара иш сапарларын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди. Катышуучулар эркин түрдө ой-пикир алмашты.

Маалымат үчүн: 2022-жылдын 7-июнунан 12-июнуна чейин Кыргыз Республикасынан келген 17 ишкерден турган ар кандай чөйрөдөгү бизнесмендер делегациясы Япониянын бизнес-коомчулугу менен байланыш түзүү, маалымат жана тажрыйба алмашуу максатында Токиодо жана Япониянын башка шаарларында болушту.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK