Японияда Кыргыз ишкерлердин кичи ЭКСПОсу өттү

1283

Ушул жылдын 20-июлунда Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Мирлан Арстанбаев Токио шаарында өткөн Кыргыз ишкерлердин ЭКСПОсуна катышты.

ЭКСПОго Кыргызстандан 11 ишкерлер келип катышты. Бул медицина, фармацевтика, туризм, билим берүү, консалтинг, клининг жана башка тармактардагы компаниялар. Кыргыз ишкерлер компания жөнүндө презентация кылып, япон тарап менен байланыш түзүп ой-пикир алмашууга мүмкүн болушту.

Мирлан Арстанбаев өз сөзүндө япониядан инвестиция тартуу жана ишкерлерге шарт түзүү, өзгөчө кичи жана орто ишкерлер үчүн актуалдуу экенин белгилеп, инвесторлор үчүн артыкчылык шарттар каралган жөнүндө толук маалымат берди.

Иш-чарага кыргыз компаниялар менен байланыш түзүүгө кызыккан япон ишкерлер, Кыргыз-Япон адам өнүктүрүү борбору (KRJC), Япон эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) жана башкалар катышты. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK