Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы маалыматтык билдирүүсү

687

2022-жылдын 16-сентябрында тажик тараптын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттерине байланыштуу министрликтин имаратында тажик тарапка нааразылык нотасы тапшырылган.

Кыргыз тарап 2022-жылдын 16-сентябрында мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып чыгып, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонуп, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салганын белгиледи.  

Кыргыз тарап жетишилген бардык макулдашууларды так аткарууну, ок атышууну жана аскер бөлүктөрүн чыгарууну, ошондой эле чек ара аймактарында кырдаалдын курчушуна алып келе турган кырдаалды түзбөөнү талап кылды жана чек ара саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек дагы бир жолу баса белгиледи.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK