Кыргызстандын Япониядагы Элчиси Эркинбек Осоев Япониянын Тышкы иштер министрлигинде Ишеним грамотанын кɵчүрмɵсүн тапшырды

359

2023-жылдын 20-февралында Япониянын тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эркинбек Осоевдин Япониянын тышкы иштер министринин орун басары Такэо Мори мырзага Ишеним грамотасынын кɵчүрмɵсүн тапшыруу аземи ɵттү.

Т.Мори мырза эки тараптуу мамилелердин бекемдигин жана дүйнөлүк жаңы шарттарында өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү боюнча эки өлкөнүн жалпы милдеттерин белгиледи. Ошондой эле Э.А. Осоев тарабынан коюлган маселелерди аткарууга Япониянын Тышкы иштер министрлиги колдоо көрсөтөт экенин ишендирди.

Жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-япон кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыдагы эки тараптуу жогорку деңгээлдеги иш-сапарга даярдыктын жүрүшүн талкуулады.

Тараптар мындан аркы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди мындан ары бекемдөөнүн перспективаларын белгиледи.

Япон тарабы Э.А. Осоевге Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, ага жаңы кызматтагы ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK