Осака шаарында Ноорузга карата маараке өттү
Ушул жылдын 19-мартында Осака шаарында Ноорузга карата маараке өттү.
Мааракеге мекендештер жана япон коноктор катышты. Катышуучуларга Нооруз майрамына байланыштуу каада-салттар, ырлар, бийлер жана кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптарда аткарылган программа тартууланды.
Маараке Кансай аймагындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Бунно Такаси мырза жана Кансай аймагында жашаган мекендештер тарабынан уюштурулду.