И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин ректору А. Абдраева айым менен бирге iU университетине зыярат кылынды
Ушул жылдын 28-мартында И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин ректору А. Абдраева айым менен бирге iU университетине зыярат кылынды.
Жолугушуу жүрүшүндө тараптар билим берүү жана IT тармагындагы адистерди даярдоо боюнча ой-пикир алмашып, жыйынтыгы боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Маалымат катары: iU университети 2020 жылы Токиодо түзүлгөн. Маалымат жана коммуникация технологиясы, ошондой эле бизнес менеджмент аркылуу инновацияны киргизүү адистерди тарбиялоого умтулат.