Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Эркинбек Осоев менен Япония Парламентинин депутаты/Япония-Кыргызстан Парламенттик достук лигасынын жетекчиси Ген Накатани мырзанын жолугушуусу болуп өттү

96

2023-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эркинбек Осоев менен Япония Парламентинин депутаты/Япония-Кыргызстан Парламенттик достук лигасынын жетекчиси Ген Накатани мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, аймактар аралык жана эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы байланыштарды түзүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Элчи Э. Осоев эки тараптуу парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо максатында Япониянын парламентарийлерин Кыргыз Республикасына иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK