Президент Садыр Жапаров Киотодо чай аземине катышты
Мамлекет башчысына жана анын жубайына чай даярдоонун өзгөчөлүктөрү, Японияда чай ичүү каада-салттары жөнүндө кеңири айтып беришип, андан соң чай аземинин чебери даамдуу суусундук сунду.
Японияда чай ичүү - бул бүтүндөй бир искусство.
Япон тилинде "чай аземи" деген сөз айкашы садо (тядо) деп айтылат, бул сөзмө-сөз "чай жолу" дегенди билдирет.