Токиодо Президент Садыр Жапаров менен Япониянын Премьер-министри Фумио Кисиданын расмий жолугушуу аземи болду

35

Бүгүн, 20-ноябрда, Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Япониянын Премьер-министри Фумио Кисиданын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Япониянын Премьер-министринин резиденциясында Президент Садыр Жапаровду Өкмөт Башчысы Фумио Кисида тосуп алды.

Саламдашып, кол алышуу болуп, Кыргызстан менен Япониянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан кийин Фумио Кисида жана Садыр Жапаров тизилген ардактуу кароолдун катарын айланып өтүштү. Лидерлерге эки өлкөнүн расмий делегациялары тааныштырылды.

Салтанаттын соңунда Президент Садыр Жапаров менен Премьер-министр Фумио Кисида эки тараптуу сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

  • Токиодо Президент Садыр Жапаров менен Япониянын Премьер-министри Фумио Кисиданын расмий жолугушуу аземи болду

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK