Президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

42

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 17-20-ноябрда Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Ошондо, төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы жаңы доордогу достук жана баарын камтыган ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен билдирүү;

- Кыргыз Республикасы менен Япониянын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери үчүн визасыз режимди белгилөө жөнүндө макулдашуу;

- Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча Гранттык жардам алууга багытталган макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын жана Япониянын юстиция министрликтеринин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу; - Саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы" мекемеси менен "Билим капиталы" ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум (MoU).

  • Президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK