Урматтуу мекендештер, 2024-жылдын январында Токиодогу Улуттук искусство борборунда балдардын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтөт.
Урматтуу мекендештер,
2024-жылдын январында Токиодогу Улуттук искусство борборунда балдардын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтөт.
Ушуга байланыштуу кичүү жарандарыбызды катышып, Кыргызстан жөнүндө (эл/маданият/тарых/салт/заманбап) же Кыргызстан менен Япониянын достук мамилеси тууралуу сүрөт тартууга чакырабыз.
Башталгыч мектептин акыркы класстарына чейинки балдар катыша алышат.
Сүрөт А3 форматында болушу керек (сүрөттү фотоаппаратка - 600 кб тарта 2 мб чейинки өлчөмдөгү электрондук форматта тартып, жибергени болот).
Сүрөттүн ылдый жагында балдардын аты-жөнүн, жашын жана жумушунун наамын да көрсөтүшүңүз керек.
Мөөнөтү: декабрдын аягы.
Сүрөттөрдү төмөнкү дарекке жөнөтүүнү өтүнөбүз: 1-5-7, Mita, Minato-ku, Tokyo 108-0073 Japan.
Электрондук форматта болсо: kgembassy.jp@mfa.gov.kg