Кыргыз Республикасынын Энергетика министрилиги электр энергиянын альтернативдүү булактарын колдонуу үчүн япониялык «Метарайз Жапан» компаниясы менен биргеликте пилоттук долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда

90

  2024-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинде Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлиги жана япониялык «Метарайз Жапан» компаниясынын ортосунда Өз ара түшүнүү жөнүндө кол коюлган Меморандумду алмашуу аземи Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин видеоконфренция байланыш аркылуу катышуусу менен болуп өттү. Аталган документке 2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана япониялык «Метарайз Жапан» компаниясынын башкы директору Накамура Рёта кол коюшкан.

   Меморандумду алмашуу аземи учурунда Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.Ибраев Кыргыз Республикасынын энергетика тармагына инвестициялык долбоорлордун маанилүүгү жана чет өлкөдөн келе турган инвесторлор үчүн тийиштүү шарттар жана колдоолор мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле, жашыл экономиканы өнүктүрүү максатында учурда Кыргызстандын энергетика тармагында, япон компаниялары активтүү түрдө инвестиция кылып баштаганын кубануу менен белгилеп, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигине ыраазычылыгын билдирди.

   Ал эми Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Э.Осоев өзүнүн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2023-жылдын 17-20 ноябрь күндөрү Японияга расмий сапары учурунда Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Токио шаарында «Метарайз Жапан» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болгонун жана ал жолугушууда «Metarise Japan» компаниясынын Кыргыз Республикасында ишке ашырылуучу долбоорлорунун презентациясы болгонун маалымдады. Ошондой эле Элчи Э.Осоев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Японияга болгон сапарынын практикалык жыйынтыктарына кыскача токтолуп, Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.Ибраевге жана «Метарайз Жапан» компаниясынын өкүлдөрүнө анын ичинде ал компаниянын негиздөөчүсү Андо Даичи мырзага ыразычылык билгизип, Элчилик тарабынан "жашыл" экономика жана Кыргызстандагы энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө заманбап технологияларды киргизе турган япон компанияларына мындан ары дагы Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдоолор көрсөтүлө турганын белгиледи.

    Аталган жолгушууда «Метарайз Жапан» компаниясынын негиздөөчүсү Андо Даичи мырза ушул жылдын май айында Кыргыз Республикасына кубаттуулугу саатына 3-5 киловатт электр энергиясын иштеп чыгуучу 10 гравитациялык генераторду пилоттук долбоорду баштоо үчүн жөнөтө турганын билдирди.

     Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 17-20-ноябрында Японияга болгон расмий сапарынын алкагында «Метарайз Жапан» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушкан жана жолугушуунун жүрүшүндө саатына 3-5 киловатт кубаттуулукта электр энергиясын иштеп чыгуучу гравитациялык генератор көрсөтүлүп, ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу да кеңири маалымат берилген. Жолугушуунун жүрүшүндө кубаттуулугу саатына 3-5 киловатт электр энергиясын иштеп чыгуучу гравитациялык генератор көрсөтүлүп, ишкананын ишмердүүлүгү жана «Метарайз Жапан» компаниясынын Кыргызстанда гравитациялык генераторлорду орнотуу боюнча пилоттук долбоорду баштоону пландап жаткандыгы жөнүндө маалымат берилген. Берилген маалыматтар менен таанышкан Президент С.Н.Жапаров экономиканын негизги тармактардын бири болгон энергетиканы өнүктүрүүгө мамлекет өзгөчө көңүл буруп жатканын маалымдоо менен бирге, Кыргызстан япон инвесторлору жана жаңы технологиялар үчүн ар дайым ачык экенин белгиледи.

    Компания аталган жабдууларды чыгаруу үчүн Японияда эксклюзивдүү патент алган жана суу, күн, шамал жана жылуулук энергиясын колдонбостон суткасына 24 саат электр энергиясын иштеп чыгууну уланткан гравитациялык аппараттар келечекте Кыргызстандын энергетикалык абалына пайдалуу таасирин тийгизет деп ишенет.

  • Кыргыз Республикасынын Энергетика министрилиги электр энергиянын альтернативдүү булактарын колдонуу үчүн  япониялык «Метарайз Жапан» компаниясы менен биргеликте пилоттук долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда
  • Кыргыз Республикасынын Энергетика министрилиги электр энергиянын альтернативдүү булактарын колдонуу үчүн  япониялык «Метарайз Жапан» компаниясы менен биргеликте пилоттук долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда
  • Кыргыз Республикасынын Энергетика министрилиги электр энергиянын альтернативдүү булактарын колдонуу үчүн  япониялык «Метарайз Жапан» компаниясы менен биргеликте пилоттук долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда
  • Кыргыз Республикасынын Энергетика министрилиги электр энергиянын альтернативдүү булактарын колдонуу үчүн  япониялык «Метарайз Жапан» компаниясы менен биргеликте пилоттук долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK