2024-жылдын 25-январында Токио шаарынын Улуттук искусство борборунда «International Association of SUMI» уюштурган «Чеги жок искусство» аттуу балдардын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды.

30

Бул иш-чара Япониянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан колдоого алынууда.

Көргөзмөгө Кыргызстан, Венгрия, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген балдардын сүрөттөрү коюлду.

Ошондой эле, аталган борбордо кыргыздын улуттук кийимдери, элдик искусство буюмдары жана Кыргыз Республикасы жөнүндө маалымат буклеттери тартууланды.

Салтанаттын жүрүшүндө Элчилик уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар маданияттар аралык байланыштарды чыңдоого жардам берерин белгилеп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын катышуусу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгынын алкагында өтүп жатканын белгиледи.

  • 2024-жылдын 25-январында Токио шаарынын Улуттук искусство борборунда «International Association of SUMI» уюштурган «Чеги жок искусство» аттуу балдардын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK