Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү, Элчи Масаки Икегамини кабыл алды
2024-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү, Элчи Масаки Икегамини кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү, анын ичинде саясий, соода жана инвестициялык чөйрөлөрдүн учурдагы абалын жана келечегин кылдат карап чыгышты.
Министр Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2023-жылдын 17-20-ноябрында Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча макулдашууларды пландуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
М.Икегами япон тараптын мындан ары саясий байланыштарды чыңдоого, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө даярдыгын билдирди.
Маектештер ошондой эле "Борбордук Азия+Япония" Диалогунун алкагында боло турган иш-чаралар боюнча пикир алмашышты.