2024-жылдын 6-мартында Элчи Э.А.Осоев Вакаяма префектурасынын Мамлекеттик Университетинин Президенти М. Мотояма менен жолугушуу өткөрдү.
2024-жылдын 6-мартында Элчи Э.А.Осоев Вакаяма префектурасынын Мамлекеттик Университетинин Президенти М. Мотояма менен жолугушуу өткөрдү.
Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулап, студенттерди алмашууга шарт түзүүчү Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары менен Вакаяма Мамлекеттик Университетинин ортосунда түз байланыштарды түзүү боюнча макулдашууга жетишти.
Жолугушуунун соңунда Элчи Э.Осоев пландарды жана макулдашууларды биргелешип ишке ашырууну улантууга даярдыгын билдирди.