Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Японияга келди
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда, иш сапары менен Токио шаарына (Япония) келди. Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат.
Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.
Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.