Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги MIFA 15-Маданий алмашуу фестивалына катышты
Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда маданий- гуманитардык байланыштарды андан ары өнүктүрүү, Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын пропагандалоо максатында, 2020-жылдын 2-февралында Токио шаарынын Мегуро админситарциясы жана Мегуро эл аралык достук ассоциациясы уюштурган 15-Маданий алмашуу фестивалына Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги активдүү катышты.
Иш-чаранын алкагында келүүчүлөр кыргыз элинин салттары жана маданияты, элдик көркөм кол өнөрчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын улуттук тамактары менен тааныша алды. Ошондой элеКыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө презентация жүргүзүлдү.