Япониянын Парламентинин Эл өкүлдөр Палатасынын Спикери У.М. Тадамори Ошима мырза менен жолугушуусу жөнүндө
2020-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Арстанбаев менен Япониянын Парламентинин Эл өкүлдөр Палатасынын Спикери Тадамори Ошима жана «Япония-Кыргызстан» достук лигасына кирген депутаттары менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу парламенттер аралык кызматташууну тереңдетүү, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча өз ара аракеттешүү, ошондой эле эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы байланыштарды түзүү жана бекемдөөгө байланышкан маанилүү маселелер талкууланды.
Жолугушуунун аягында М.Арстанбаев Кыргыз Республикасынын социал-экономикалык өнүктүрүү жана демократияны бекемдөө үчүн Япония тарабы кошкон натыйжалуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.