Кыргызстандын жарандары Япониядан жана Филиппинден Бишкекке кайтып келишти

3831

COVID-19 жайылышына байланыштуу эл аралык аба каттамдарынын токтотулушу менен, 2020-жылдын 23-июнунда Япония жана Филиппин Республикасынан Кыргыз Республикасына 15 жаран кайтып келишти.

Токио жана Маниладан Сеул шаарына туруктуу рейстер менен келген биздин жарандарыбыз, андан кийин Казакстандын «Air Astana» авиакомпаниясынын чартердик бортунда Алматы эл аралык аэропортуна келишти, алар атайын уюштурулган транспорт менен Бишкекке жеткирилди.

Бардык жүргүнчүлөр белгиленген тартипке ылайык медициналык жол-жоболордон өтүү үчүн байкоо (обсервациялоого) жүргүзүүгө жайгаштырылган.

Япония, Филиппин, Австралия жана Жаңы Зеландиядагы кыргыз жарандарынын Мекенине кайтып келүү жолдорун издөө боюнча иштер улантылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK