Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан алынган гуманитардык жардам жөнүндө

3701

2020-жылдын 16-июлунда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДСУ) 508,078 АКШ доллары өлчөмүндө жеке коргонуу каражаттары түрүндө гуманитардык жардамдын дагы бир партиясын бөлүп берди. Жеке коргонуу каражаттары Кыргызстандын бардык аймагындагы медицина кызматкерлеринин COVID-19 пандемиясына каршы коопсуз жана натыйжалуу ишин камсыз кылат.

Кыргыз тарап БДСУга өз учурунда көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK