Кыргызстандын жарандары Филиппинден Бишкекке кайтып келишти

3468

COVID-19 жайылышына байланыштуу эл аралык аба каттамдарынын токтотулушу менен, 2020-жылдын 24-июлунда Филиппин Республикасынан Кыргыз Республикасына 3 жаран кайтып келишти.

Маниладан Дубай шаарына туруктуу рейс менен келген биздин жарандарыбыз, андан кийин «FlyDubai» авиакомпаниясынын бортунда «Манас» эл аралык аэропортуна келишти.

Жалпысынан бул рейс менен АКШдан, Иорданиядан, Сингапурдан, Сауд Аравиядан, Германиядан, Корея Республикасынан, Камбоджадан, Пакистандан, Бахрейнден жана Мальдивден 142 Кыргыз Республикасынын жарандары Бишкекке кайтып келишти.

Япония, Филиппин, Австралия жана Жаңы Зеландиядагы кыргыз жарандарынын Мекенине кайтып келүү жолдорун издөө боюнча иштер улантылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK