Кыргызстандын жарандары Япониядан Бишкекке кайтып келишти

3467

COVID-19 жайылышына байланыштуу эл аралык аба каттамдарынын токтотулушу менен, 2020-жылдын 31-июлунда Япониядан Кыргыз Республикасына 12 жаран кайтып келишти.

Токиодон Дубай шаарына туруктуу рейстер менен келген биздин жарандарыбыз, андан кийин «FlyDubai» авиакомпаниясынын бортунда «Манас» эл аралык аэропортуна келишти.

Япония, Филиппин, Австралия жана Жаңы Зеландиядагы кыргыз жарандарынын Мекенине кайтып келүү жолдорун издөө боюнча иштер улантылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK