Дубай - Бишкек авиакаттамы кайра баштоо жөнүндө

3594

Кыргызстан менен БАЭдин ортосундагы учуулардын жарым-жартылай калыбына келтирилишине байланыштуу, FlyDubai жумасына бир жолу (жума күндөрү) Дубай-Бишкек каттамы боюнча каттамдарды жүргүзө тургандыгын билдиребиз.

Учуу графиги 2020-жылдын августундагы авиакаттамдардын графиги

- 14-август;

- 21-август;

- 28-август.

Көрсөтүлгөн рейстер Кыргыз Республикасына уча алат:

1. Кыргыз Республикасынын жарандары;

2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары болуп саналган чет мамлекеттердин жарандары (жубайы, балдары, ата-энеси);

3. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы эмгек визалары ("W1" жана "W2" тиби) бар чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар;

4. Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү;

5. Расмий чет өлкөлүк делегациянын мүчөлөрү.

Ошол эле учурда, жогоруда аталган категорияга кирбеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар учурдагы чектөөлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасына убактылуу кире алышпайт. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүү эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөр кийинчерээк жарыяланат.

Дубай эл аралык аэропорту (DXB) аркылуу транзит менен Бишкек шаарына баруучу жүргүнчүлөр үчүн.

1. Дубай эл аралык аэропортундагы транзиттик туташуулардын убактысы 24 сааттан ашпашы керек;

2. 2020-жылдын 1-августунан тартып бардык транзиттик жүргүнчүлөр 96 сааттан ашык эмес убакытта алынган COVID-19 тестинин терс натыйжаларын алышы керек;

3. COVID-19 үчүн сыноо жүргүзүү керек болгон лабораториялар жөнүндө маалыматты Emirates Airlines же FlyDubai өкүлчүлүктөрүнөн текшерүү керек.

Emirates Airlines Япониядагы өкүлчүлүгү  +81 3 6743 4567

Emirates Airlines Филиппиндеги өкүлчүлүгү +63 2 7792 6045

Emirates Airlines Австралиядагы өкүлчүлүгү +61 13 0030 3777

Emirates Airlines  в Жаңы Зеландиядагы өкүлчүлүгү +64 5 0836 4728

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK