Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн № 9019 шайлоо участогунун (Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги) алдын ала тизмеси

3998

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

2020-жылдын 4-октябрында өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү маселеси боюнча төмөнкүнү билдиребиз.

Азыркы этапта өлкөдөн тышкары жүргөн же жашап жатышкан адамдардын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин алдындагы шайлоо участогун бекитти (УШК № 9019). 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын талаптары боюнча, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана аккредитация болгон мамлекеттердин макулдугу менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүндө түзүлөт. 

Мыйзам боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон өткөн (АИС) жарандардын бардыгы, тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат. 

Ал эми добуш берүүчү күнү Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн бирок консулдук каттоодон өтпөгөн шайлоочулар, чет өлкөдөгү жашаган же жүргөн жериндеги шайлоо участогуна (форма № 2 боюнча) добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. Бул учурда КР чет өлкөдөгү мекемеси арыз түшкөндө шайлоочуну убактылуу консулдук каттоого алат. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн убакытта жасалат. Бул ишти шайлоого чейин 15 календарлык күн калгандан (20-сентябрга чейин) кечиктирбей жасоо зарыл.

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук жыйым алынбайт.

2020-ж. 16-июлдан тарта шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» – https://tizme.gov.kg порталында жайгашкан, 2020-ж. 26-июлдан тарта таанышуу үчүн шайлоо участокторунда илинет. 

Эгер ката табылса, так эместик кетсе же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, ушул эле аралыкта (20-сентябрга чейин) шайлоо комиссиясынын № 9019  участогуна (Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги) №1 формасындагы арыз менен кайрылуу зарыл,бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификацияны өтөт.

Шайлочунун арызына тиешелүү шайлоо комиссиясынын жообу арызды кагаз же электрондук кабар катары кабыл алгандан 7 календарлык күн аралыгында, шайлоочу арызында көрсөткөн дарек, анын ичинде электрондук дарекке да жөнөтүлөт.

Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогуна акыркы тизме илинет. 

Биометрикалык каттоону Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинде өтсө болот. 

Тизмелер шайлоо ортосундагы аралыкта ай сайын, ал эми шайлоо мезгилинде күн сайын жаңыртылып турат. 

Добуш берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту, кызматтык же дипломатиялык паспорту болуусу зарыл.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK