Элчи М.Арстанбаевдин Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Ш.Токуда мырза менен жолугушуусу жөнүндө

3729

2020-ж. 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарымукуктуу Элчиси M.E. Арстанбаев Борбор Азия боюнча Япониянын Тышкы иштерминистрлигинин Атайын өкүлү Ш. Токуда менен жолукту.

Элчи М. Арстанбаев жолугушууга ыразычылык билдирип Борбор Азия боюнчаЯпониянын Тышкы иштер министрлигин Атайын өкүлү болуп дайындалган Ш. Токуданы жаңыкызматы менен куттуктады. Кыргызстан менен Япониянын элдерине бардык жакшылыктар үчүн мындан ары дагы тыгыз кызматташууга өмүтөндү.

Ш. Токуда куттуктоого ыраазычылык билдирип эки тараптуу кызматташуну мындан арыдагы бекемдөөгө күчтүн баарын жумшоо маанилүү экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшундө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуукызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, буга чейин жетишилгенмакулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK