2020-жылдын 16-октябрындагы өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйыны

2988

2020-жылдын 16-октябрында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйында депутаттар Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын Президентинин кызматынан кетишин кабыл алышты.

Буга чейин, 2020-жылдын 15-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетерин жарыялаган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр аткарат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Канатбек Исаев Президенттин милдетин аткаруудан расмий түрдө баш тарткандыгына байланыштуу, Президенттин бардык ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаровго өткөрүлөт.

Ошол эле учурда, жыйында депутаттар Бишкек шаарында өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын бекитүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомун жокко чыгарышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK